
Бишкек-Ош жолунун 620-чакырымында портер менен жүк ташуучу унаа кагышып, бир адам каза тапты. Дагы төртөө түрдүү жараат алып, ооруканага жеткирилген.
Окуя 4-октябрда саат 11:40 чамасында Өзгөндүн Кароол айылында катталган. Облустук ЖККК «Т-Медиага» билдиргендей, «Хундай-Портер» башкаруусун жоготуп, карама-каршы тилкеде келе жаткан «DAF-FT95XF-430» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүзүп алган.
Кырсыктан «Хундай-Портер» автоунаасында келе жаткан Кара-Суу районунун 1952-жылы туулган С. С аттуу тургуну каза тапкан. Ал эми портердин айдоочусу (1958-жыл), Кара-Суу районунун тургундары (1962-жылы туулган М.К жана М.С, 2017-жылы туулган Т.А) денесинен жараат алышкан.
Аталган факт боюнча Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Пикир калтыруу