Бишкек-Ош жолунда эки унаа кагышып кетти

Бишкек-Ош жолунун 641-чакырымында эки жеңил унаа кагышып, бир адам каза тапты. Сүзүшүп кеткен «Хонда Айрвейф» менен «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаалардын айдоочулары жараат алышкан. 

Ош облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, кырсык эки унаанын карама-каршы тилкеге чыккан учурунда катталган. Окуя Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылында жүз берген.

Кырсыктан төрт адам жараат алган. Экөө жүргүнчү болчу. Жаракат алгандар Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Учурда аталган факт боюнча Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгы териштирүү жүргүзүүдө. Кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалдалган.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1441 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо