Ош: вице-мэрликке ким татыктуу? Жаңы талапкер чыкты. Сурамжылоо

Шакир Зулимов жетектеп келген курулуш жана муниципалдык менчик тармагына вице-мэр дайындала элек. Ош мэриясынын маалымат кызматы жаңы вице-мэр 20-октябрга чейин  дайындаларын билдирүүдө.

Азыр бош турган орунга болжолдуу талапкерлердин ысымы атала баштады. Жашыруун булактардын маалыматына таяна турган болсок, вице-мэрликке Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ашим Осмонов талапкер катары көрсөтүлгөнү айтылып жатат. Осмонов шаардык кеңештеги “Мекеним Кыргызстан” фракциясын да жетектеп келүүдө.

Вице-мэрликке аты аталгандардын катарында Кутманалы Абдрахман уулу да бар. Ал азыр Ош мэриясынын алдындагы турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялык технологиялар боюнча департаментин жетектеп турат.

Бош турган орунга Талант Капаровдун барышы жөнүндө да сөздөр айтылып жатат. Ал «КСДП» фракциясынан мурунку чакырылышта Ош шаардык Кеңешине депутат болгон. Азыркы учурда «Ош тазалык» муниципалдык ишканасын жетектейт.

Вице-мэрликке дайындалышы мүмкүн делгендердин арасында Абдисаит Каримбековдун аты аталып жүрөт. Каримбеков азыр «Өнүгүү прогресс» партиясынан Ош шаардык Кеңешинде депутат болуп жүрөт.

Эрлан Камалов вице-мэрликке дайындалышы ыктымал деген кептер да жүрүп жатат. Ал азыр Ош МУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы.

Вице-мэрликке барат деп божомолдонуп жаткан тизмеге дагы бир талапкер кошулду.Өздүк булактар вице-мэрликке Ош шаардык кеңешинин депутаты Жасур Азимов дайындалат деп маалымат берүүдө. Бул талапкер буга чейин Ош кыргыз-өзбек университетинде окутуучу болуп иштеп келген. Азыркы учурда Ош шаардык кеңешинде «Республика-Ата-Журт» фракциясынан депутат.

Аты аталып жаткан талапкерлерди «Т-Медиа Group» добушка коёт. Сурамжылоого катышып, добуш берсеңиз болот.

 

 

 

 

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3505 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо