Ошко качан жылуулук берилиши белгилүү болду

Ош шаарында жылуулук 1-ноябрдан баштап берилет. Бул тууралуу “Ош Жылуулук» камсыздоо ишканасынын директору Беделбай Кадырбердиев «Т-Медиага» билдирди.

Айтымында, мекеме жылытуу сезонун баштоого даяр. Эгер абанын температурасы 5 күн катар 8 градуста кармалса, жылуулук бериле баштайт.

«Кышкы сезонго толугу менен даярбыз. Жалпысынан 82 от казан жылытууга даяр турат. Жылытуу сезенго 12 миң тонна көмүр керектелет. Учурда көмүр график боюнча келип түшүп жатат. Буйруса жылуулукту 1-ноябрдан тартып бере баштайбыз»,- деди Беделбай Кадырбердиев.

Кадырбердиев кошумчалагандай, жылуулук өткөрүүчү 66.6 чакырымдык куурлар кышкы сезонго даяр.

Ош шаарында жалпысынан 276 көп кабаттуу үй, 35 мектеп, 23 бала бакча, 8 саламаттык сактоо мекемеси, 9 жогорку окуу жайы, 2 кесиптик лицейи, 7 админстративдик мекеме, 3 китепкана, 1 боорукердик үйү, 150 жеке менчик үй жана башка 12575 абонент жылуулукка туташтырылган.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1458 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо