Үшүк жүрүшү күтүлүүдө

Өлкөдө 8-10-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланышы күтүлүүдө. Үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.

Кыргыз гидрометтин маалыматына ылайык, алдыдагы үч күндө абанын температурасы төмөнкү көрсөткүчтө сакталат:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8…13°, күндүз 13…18°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 8…13° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 3…8° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз 0…5° жылуу болушу күтүлөт.

9-10-октябрда түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*