Султан Жумагулов мезгилсиз дүйнө салды

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов узакка созулган оорусунан улам дүйнө салды. Ал онкологиялык оору менен жабыркап жүргөнү буга чейин кабарланган эле. 

Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү дүйнө салды. Бул кабарды министрликтен ырасташты.

Жумагулов, онкологиялык оору менен жабыркап, Түркиядан операция жасатып келгени айтылган болчу.

Эскерте кеттсек, Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин журналист адистиги боюнча бүтүрүп, «Би-Би-Си», «Азаттык», ЭлТР, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 5845 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо