
Маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлдү. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Өкмөттүн сайтында жарыялангандай, чечим маданият кызматкерлеринин айлыгын жакшыртуу максатында кабыл алынды. Ага ылайык, маданият кызматкерлеринин айрымдарынын маянасы 80%га чейин жогоруласа, кээ бирлеринин айлыгына эселик коэффициент 1,8 өлчөмүндө кошулат.
Эселик коэффициент төмөнкү мекемелердин кызматкерлерине кошулмакчы:
— Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын;
— Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын;
— С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейинин;
— Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин;
— Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук керкем сурет искусство музейинин;
— «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин;
— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине караштуу Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын.
80%га төмөнкү мекемелердин профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстеринин жана иллюстраторлорунда көтөрүлөт:
— Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын;
— М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын;
— С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик керкем сурет окуу жайынын;
— Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын.
Оставьте первый комментарий