Ошто жол акы жакында автоматташтырылат. Инфографика

Ош шаарында жол акы автоматташтырылган системага октябрь ичи өтөт. Азырынча жаңы система кайсы күндөн тартып ишке кириши анык эмес болуп турат. 

Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин башчысы Мурзабек Дубанаев билдирди. Айтымында, автобус жана троллейбустарга борт жабдыктары толугу менен орнотулуп бүттү. Азыр эми жүргүнчүлөрдү жол акы карталары менен камсыздоо иши гана калды.

«Автоматташтырылган система качан ишке кириши эки-үч күндө белгилүү болот. Долбоорду ишке ашырган Чехиялык компаниянын өкүлдөрү Ошко келе жатат. 30 миң даана жол акы карталарын да кошо алып келишет. Ошондо системага даярдык текшерилип, карта баасы чечилет«,-деди Дубанаев.

Азырынча жол акы карталары 68 сомдон сатылат деп болжолдонуп жатат. Түшкөн акчага кайра эле сырттан карталар сатып алынып турмакчы.

Жол акы карталары Ош мэриясынан жана муниципалдык автоунаа мекемесинен берилет. Андан сырткары студенттер шаарчасына да уюштуруу жагы пландалып жатат.

Автоматташтырылган системада борт жабдыктары картадан сырткары тыйындарды да кабыл алат. Системаны ишке ашырууга европа реконструкциялоо жана өнүктүрүу банкынан 684 миң евро ажыратылган. Жаңычылдык — жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында ишке ашырылууда.

 

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3494 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо