Пахта Өзбекстанга чыгарыла баштады

ripe cotton in field ready for harvest

Чек аралар ачылгандан бери Ош облусунан Өзбекстанга пахта чыгарыла баштады. Быйылкы жылы экспорттолгон пахтанын көлөмү 613 тоннага жетти. 

Облус жетекчилиги билдиргендей, ак алтын Өзбекстанга былтыртан бери чыгарылып жатат. Экспорт көлөмүнө чек коюлган эмес. Заводдор түзгөн келишимине жараша тазаланган буланы чыгара берет.

«Өзбекстанга быйыл да ак алтын чыгаруу боюнча келишимдер түзүлгөн. Канча өндүрсөк, ошончо көлөмдө экспроттой алабыз. Бул боюнча эки өлкөнүн пахта заводдору сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Эми ошол түзгөн келишимдерине жараша ак алтынды коңшу өлкөгө экспортко чыгара алышат»,- деди өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүгүнүн аймактык бөлүм башчысы Райымберди Мөнөкбаев.

Азыр Ош облусунда ак алтындын 30 пайызы жыйналып бүтө элек. Жыйналган түшүм Өзбекстандан сырткары, Орусия, Түркия, Казакстан жана Тажикстанга экспорттолот.

Азырынча пахтанын баасы быйылкы жылга карата чечиле элек. Быйыл Ош облусунда ак алтын 10480 гектар аянтта пахта эгилген. Көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 1300 гектарга көп.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3494 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо