Алайда жер титиреди

Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен  аймагында жер титирөө катталды. Очогунда силкинүүнүн күчү 4,5 баллга жеткенин өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүүдө. 

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын маалыматына ылайык, бүгүн таңкы саат 07:48де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен  аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 баллга, Көк-Суу айылында 3,5 баллга жана Кара-Киндик айылында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Автор Т-медиа 10571 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*