Мыйзам долбоор: Мамлекеттик кызматкер кошумча иштей алат

“Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоор иштелип чыкты. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкер ыктыярдуу патент аркылуу кошумча иштей алат. 

Сунушталган долбоор конституциялык укук жана салык кодекси ортосунда карама-каршылыкты жоёт. Документ парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кароосуна чыкты.

Демилгечи депутат Дастан Бекешев белгилегендей, конституция боюнча мамлекеттик жана муниципиалдык кызматта иштегендер негизги ишине тоскоолдук жаралбаса маданий, илимий жана педогогикалык ишмердүүлүк кылса болот. Бирок буга салык кодекси жол бербейт.

“Мамлекеттик кызматкер патент алган учурда салык кызматы аларды автоматтык түрдө жеке ишкер катары каттайт. Салык кодексинде мамлекеттик кызматта иштегендер жеке ишкерлик кылууга болбойт деген тыянактын негизинде мамлекеттик кызматын тапшырууга туура келет. Ошондуктан Салык кодексине өзгөртүү киргизип, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматта иштегендер маданий, илимий жана педогогикалык ишмердүүлүк кылуусуна уруксат берүүнү сунуштап жатам”,-деди депутат Дастан Бекешев.

Демилгеленген мыйзам долбоору комитет мүчөлөрү тарабынан колдоо таап, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо