
Маркум журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева көз жарды. Дарыгерлердин билдирүүсүндө, эне-баланын абалы жакшы.
Маалыматтарга караганда, Сапаргүл бүгүн 15:30да көз жарды. Жарыкка келген ымыркай уул бала.
Азаттыктын иликтөөчү журналисти Улан Эгизбаев ушул жылдын 22-июлунда каза тапкан. Журналист акыркы кездери коррупциялык иштер боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөн болчу.
Пикир калтыруу