Эл аралык кыздар күнү эмне үчүн белгиленет?

Бүгүн, 11-октябрь — кыздардын эл аралык күнү. Бул күн Кыргызстандын бардык аймагында кыздардын укуктарын жайылтуу багытында белгиленүүдө. 

Кыздар күнүн белгилөө 2012-жылы Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында бекитилген. Негизги максаты — кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздиктерге өзгөчө көңүл буруу болуп эсептелет.

Эл аралык кыздар күнү секелектер тууралуу көйгөйлүү маселелерди ачык айтып чыгып, аларды чечүүнүн жолдорун аныктай турган күн да болуп саналат. Мисалы: кыздардын коомдогу укуктарын басынтуу, билим алуусуна шарт жоктугу жана күч колдонуу, өзүнүн ыктыярсыз турмушка узатуу сыяктуу маселелерди алдын алууга багытталат.

Кыздардын эл аралык күнүн белгилөө демилгеси алгач Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясында Канада өлкөсү тарабынан сунушталган. Аны ишке ашыруу жана өнүктүрүү боюнча канадалык саясий жана коомдук ишмер Рона Эмброуз алектенген.

Кыргызстанда жыл сайын жүзгө чукул өспүрүм өз жанын кыят, дагы ушунча кыз сексуалдык кордукка туш болот.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3485 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо