
Кыргызстанда кыздардын төрттөн бир бөлүгү 9 жылдык билим менен чектелүүдө. Мектепти толук бүтүрбөгөн секелектер 25%ды түзөт.
Бул тууралуу Ош шаарында өткөн “Кыз кадыры” деп аталган иш чарада айтылды. Анда белгилүү болгондой, кыздардын көпчүлүгү өзүнүн эркине каршы чыгып мектепти толук бүтүрбөйт.
“9-класстан кийин окубай койгон кыздар турмушка чыгат же миграцияга кетет. Көпчүлүгү өз каалоосу менен эмес, ата-энесинин айтканынаг чыга албай бул нерсеге макул болот. Азыр бул маселе биздин коомчулугубузда аябай олуттуу. Ошол себептүү кыздардын укуктарын жайылтууга арналган иш-чараларды уюштуруп жатабыз”,- деди БУУнун өкүлү Айнагүл Абдырахманова.
Кыздардын эркиндиктерин даңазалаган иш чара Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган. Ага 600гө жакын жаштар катышып, кыздардын укуктары жана эркиндиги жөнүндө ырчы Зере Асылбек кызы өз оюу менен бөлүштү.
«Тилеке каршы бүгүн эркин болгонубузду кээ биркилер унутуп калат, аларга биз эстетип турушубуз керек, биз эркинбиз. Өз тандообузду сыйлап, кылгыбыз келгенди кылып жана башкалардын тандоосуна сый-урмат менен мамиле кылышыбыз керек”-деди Зере Асылбек кызы.
Кыздардын укуктарын коргоо максатында, 2012-жылы 11-октябрда БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан эл аралык кыздардын күнү жарыяланган.
Оставьте первый комментарий