Ошто Айтматовго арналган кыргыз-казак форуму өтүүдө

Ошто «Чыңгыз Айтматовдун мурасы: Ааламдашуу доорунда биримдикте жашоо» аттуу форум өтүүдө. Иш чара Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган. Ал 11-12-октябрь күндөрү уланат.

Форумга кыргыз-казак жазуучулары катышып, Айтматов жөнүндө ой пикирлерин айтышат. Иш чаранын алкагында илимимй дискуссия, дебаттар уюштурулган.

Бул илимий интеллигенция форумун жыл сайын өткөрүү пландалып жатканын жазуучу Султан Раев билдирди.

«Бул такай өтүп туруучу форум. Муну 2008-жылы баштаганбыз. Белгилүү себептер менен үзгүлтүк болуп калды. Эми дагы улайлы деп жатабыз. Үзүлгөн нерсени Ош шаарында улоо бул чоң символикасы бар. Себеби Ош көптөгөн цивилизацияларды өткөргөн»,-деди Султан Раев

Мындан сырткары иш чарада Айтматовдун чыгармаларына байланышкан сүрөттөр көргөзмөсү уюштурулган.

Аталган форум кийинки жылы Казакстандын Талдыкорган облусунда өткөрүлөт. Биринчи жолу Алматы шаарында 2008-жылы уюштурулган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*