Ошто көмүрдүн баасы көзөмөлдөнөт

Ош шаарында кара алтындын баасы быйыл да көзөмөлгө алынат. Жоопкерчилик монополияга каршы күрөшү кызматына жүктөлдү.

Чечимди Ош мэриясынын күз-кыш мезгилине даярдыктар боюнча түзүлгөн штабы бүгүнкү жыйынында кабыл алды. Ага ылайык, көмүрдүн баасы 5 сомдон жогорулообого тийиш.

Азыр Ош шаарында кара алтындын килограммы 4 сом 50 тыйындан башталып 5 сомго чейин сатылып жатат. Эң кымбат сатылган Сүлүктүүнүн көмүрү 8 сом 50 тыйынды түзүүдө.

Штаб мүчөлөрү белгилегендей, Ошто азыр көмүрдүн баасы былтыркы суммада кармалып турат.

Эске салсак, былтыр кара алтындын килограммы  Ош шаарында 4, 5 сомдон башталып кышында 7 сомго жеткен.

 

 

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо