Оштогу ооруканалар суук эмеспи? Адис үн катты

Ош шаарында төрөт үйлөрү менен балдар ооруканаларында электр жылыткычтары иштөөдө. Калгандары азырынча жылуулана элек. 

Бул туурасында саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору күз-кыш мезгилине даярдыктар боюнча штабдын бүгүнкү жыйынында билдирди. Айтымында, ооруканалардын баарын жылытууга азырынча зарылчылык жок. Калгандары жылытуу мезгили башталганда ысытылса болот.

«Күн кескин суук боло түшкөндө төрөтканалар менен балдардын ооруканаларына убактылуу электр жылыткычтарын коюп чыктык. Калгандары азырынча жылуулукка муктаждыгы жогору эмес. Эгер белгиленген температурада суук болуп кетсе мөөнөтүнөн мурда жылуулук борборлоруна кайрылабыз»,-деди Абдилатип Шамшиев.

Ош шаарында 31 саламаттыкты сактоо мекемеси бар. Анын 13ү «Ош жылуулук» борбору аркылуу жылууланат. Экөө «Ош жылуулук камсыздоо» мекемесинин жардамында ысытылса, калганы электр батарейкасы жана оорукананын өзүндөгү отканалар аркылуу жылытылат.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо