
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев автоунаадан таштанды ыргыткандарга айыппул салуу сунушун көтөрүп чыкты. Бул тууралу ал пленардык жыйында билдирди.
«Айтымында, айдоочулар жана жүргүнчүлөр тамекинин калдыгын жана башка көптөгөн майда таштандыларды унаанын айнегинен ыргытып көнгөн. Мындай көрүнүштү жок кылуу үчүн аларды айыппулга жыгалы жана аны төлөөдөн баш тарткандарды кылмыш жоопкерчилигине тарталы. Ошондо гана тартип орното алабыз»,- дейт Бакыт Төрөбаев.
Ал эми коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасына көз сала туран болсок Өзбекстанда автоунаадан ыргытылган таштанды үчүн айыппул салуу иш жүзөгө ашкан. Азыр коңшу өлкөдө автоунаадан жана коомдук транспорттон таштанды ыргыткандарга айыппул эки эсеге жогорулатуу чечими кабыл алынды. Тиешелүү өзгөртүүлөр Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске киргизилген.
Ага ылайык, автотранспорт каражаттарынан, коомдук транспортторунан, вагондордон таштанды ыргыткандар болжол менен беш долларга чейин айып пул төлөшөт. Бул эреже Өзбекстанда 2019-жылдын 11-январынан тарта күчүнө кирет.
Кыргызстанда да мыйзам кабыл алып, транспорттон таштанды ыргыткандарды жоопко тартуу керекпи? «Т-Меdia Group» сурамжылоо жүргүзөт. Добуш берип, өзүңүздүн пикириңизди калтырсаңыз.
Оставьте первый комментарий