Каримов эң алгач кандай телефон колдонгон? Фото

Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов колдонгон биринчи телефон Ташкенттеги тарых музейине коюлду. Мындан 26 жыл мурун алынган телефондун баасы 5 миң доллар эле. 

Өзбекстандын басылмалары жазып чыккандай, музейге алынган телефондун салмагы 760 граммды түзөт. Бул көлөмдөгү аппарат ошол кезде эң кичине болуп эсептелчү. Ал убакта башка уюлдук телефондордун салмагы 5 килограммга жетчү.

Ислам Каримов Nokia компаниясынын 1987-жылы чыгарган алгачкы аппаратын колдонгон. Ал «Mobira Cityman 900» үлгүсүндөгү телефондон биринчи жолу 1992-жылы 26-августта  байланышка чыгып сүйлөшкөн.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо