Лунара Мамытова кызматынан четтеди

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова  берген арызы боюнча кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. 

Кызматтан кетүү тууралуу арызын Лунара Мамытова өткөн аптада жазганы кабарланган. Мурдараак эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланары ашкереленген.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева аталган министрликтин жетекчилери чет өлкөлөргө  катардагы адистердин ордуна өздөрү бараарын айтып чыккан эле. Эл өкүлү министрликтин жетекчилери чет жакта дипломатиялык паспортторун колдонушарын билдирип, текшерип чыгууну талап кылган.

Кийинчерээк, башкы прокуратура дипломатиялык паспортторду аталган министрликтин жетекчилери жеке кызыкчылыктарына колдонуп жүрүшкөнүн аныктап чыккан. Деген менен Лунара Мамытова коюлган айыпты четке кагып келет.

Эскерте кетсек, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова жана анын орун басары Зууркан Каденова  буга чейин кызматынан бошотулган эле.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо