Ош: окуучулар үшүп калбайбы? Мектептердин кышка даярдыгы сынга алынды

Күз-кыш мезгилине Ош шаарындагы мектептердин даярдыгы толук кандуу эмес. Жылуулук куурлары тазаланбай, эшик-терезелер жылууланбай турат.

Бул тууралуу Ош мэриясында өткөн жыйында белгилүү болду. Жылытуу мезгилине даярдыктар боюнча түзүлгөн штабдын отурумунда белгиленгендей, мектептер белгиленген 5 көрсөтмөнү аткарган эмес.

1. жылуулук эсептегичтери орнотулган эмес

2. ачып-жабуу каражаттарын ондоо жана майлоо иштери жүргузүлбөгөн

3. өлчөө каражаттары көзөмөлдөн өткөрүлө элек

4. эшик-терезелерди оңдоо жана жылуулоо иштери жүргүзүлбөгөн

5. жылуулук куурлары тазаланган эмес

Жогорудагы аткарылбаган жумуштар боюнча Ош шаардык билим берүү башкармалыгына эскертүү берилди. Ошондой эле тез аранын ичинде кемчиликтерди жоюу милдеттери Ош мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлдү.

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо