Ошто автотоктомолор тыкыр көзөмөлдөнөт. Жыйынтык чыгабы? Сурамжылоо

Ош шаарынын борбордук базарынын айланасында автоунаа кыймылы тыкыр көзөмөлдөнөт. Бул боюнча калаа башчы Таалайбек Сарыбашов протоколдук тапшырма берди. 

12-октябрда кабыл алынган протоколдук тапшырма борбордук базардын айланасындагы жол кыймылын иретке келтирүү жана жоюлган муниципалдык автотоктотмолордун ишмердүүлүгүн токтотууга багытталган.

Ага ылайык, Ленин, Мамажан, Карасуу көчөлөрү жана Ош облустар аралык ооруканасында жайгашкан муниципалдык автотоктомолор көзөмөлгө алынат.

Көзөмөлдөө милдети Ош шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө кызматына жүктөлгөн. Мекеменин эки экипажы Карасуу көчөсүндө нөөмөт өтөшөт.

«Биз муниципалдык автотоктотмолорду жоюу жана  жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн чоң иш чара өткөрүп жатабыз. Борбордук базардагы Мамажан көчөсү бир тараптуу, Карасуу көчөсүндө коомдук транспортторду токтотуу оң тарапта гана уруксат берилет, ошол үчүн жол белгилери орнотулат. Коомдук транспортторго шарттарды түзүп берүү үчүн атайын жол белгилери орнотулат»,-деди Ош мэриясынын өкүлү Алтынбек Пирматов.

Ош шаарында муниципалдык автотоктомолор 4-октябрда жоюлган эле. Калаа башчынын буйругу толук кандуу аткарылбай, мыйзамсыз акча жыйнагандар кезигүүдө.

Мэрдин кезектеги протоколдук тапшырмасы күтүлгөндөй жыйынтык береби? «T-Media Group» сурамжылоо жүргүзөт.

 

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо