
Россиялык ММА мушкери, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык Флойд Мейвезерди рингде күч сынашууга чакырды. Бул туурасында менеджер Деджуан Блэйк Instagram баракчасына жүктөгөн.
https://www.instagram.com/p/Bo5TdCrn3Vo/?taken-by=dejuanblake
Анда Нурмагомедов боксчу Мейвезерге видео кайрылуу жасап, ал экөө тең жеңилбес спортчу экендигин белгилеген.
«Эмнеге мүмкүн болбосун? Жунглиде бир падыша бар. Ал, албетте, мен», — деген Хабиб.
Былтыр августта Лас-Вегаста өткөн бокс боюнча мелдеште Мейвезер ирландиялык Конор Макгрегорду техникалык нокаут менен утуп алган болчу.
Нурмагомедов болсо 6-октябрда UFC 229 турниририн алкагында Макгрегорду утуп, чемпиондук наамын коргоп калган. Боксчу Хабиб Нурмагомедовтун кайрылуусуна азырынча жооп бере элек
Пикир калтыруу