Акжол менен Айсулуу дүйнө чемпионатына катышпайт

Кыргызстандын атынан жалпысынан 12 балбан күч сынашат. Спортчуларды төрт машыктыруучу жана бир рефери коштоп барат.

Мелдеш 20-28-октябрь күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан жалпысынан 12 балбан катышат. Спортчуларды төрт машыктыруучу жана бир рефери коштоп барат. Дүйнө чемпионатына катышуучу спортчулар төмөндөгүлөр.

Грек-рим күрөшүнөн:

Жоламан Шаршенбеков — 55 килограммга чейин;

Калы Сулайманов — 60 килограммга чейин;

Урмат Аматов — 63 килограммга чейин;

Амантур Исмаилов — 67 килограммга чейин;

Кайрат Түгөлбаев — 77 килограммга чейин;

Атабек Азисбеков — 82 килограммга чейин;

Бексултан Махмудов — 97 килограммга чейин.

Башкы машыктыруучу — Азат Эркимбаев

Машыктыруучу — Улугбек Карачолоков

Рефери — Мэйрамбек Ахметов

Эркин күрөштөн:

Улукбек Жолдошбеков — 61 килограммга чейин;

Эламан Догдурбек уулу — 70 килограммга чейин;

Магомед Мусаев — 97 килограммга чейин;

Машыктыруучу — Сүймөнкул Таабалды уулу.

Кыз-келиндер арасындагы күрөштөн:

Мээрим Жуманазарова — 68 килограммга чейин;

Айпери Медет кызы — 76 килограммга чейин;

Машыктыруучу — Нурбек Изабеков.

КРнын дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы биздин редакцияга билдиргендей, Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова мелдешке барбай калышы мүмкүн. Айсулуу Тыныбекованын жараатына байланыштуу мелдешке катышар катышпасы күмөн, ал эми Акжол Махмудов дүйнө чемпионатына катышпасы анык болгон.

 

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо