Ош шаардык төрөт үйү да жылууланды

Ош шаардык төрөт үйүнө бүгүндөн тарта жылуулук бериле баштады. Төрөткана толугу менен нормадагы жылытууга өткөнүн «Жылуулук камсыздоо» ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, шаардык төрөт үйү жылуулукка муктаждыгын мэрияга бүгүн, 15-октябрда билдирген. Анын негизинде жылуулук төрөтканага түштөн кийин бериле баштады.

Азырынча Ошто төрөт үйлөрүнөн башка саламаттыкты сактоо мекемелерине жылуулук бериле элек. Калгандары жылуулукка болгон муктаждыгын Ош мэриясына билдирген учурда гана бериле баштайт.

Эске салсак, 13-октябрдан тарта Ош облустук төрөт үйүнө 13-октябрдан тарта жылуулук бериле баштаган. Акыркы он күндөн бери шаардагы төрөт үйлөрү электр жылыткычтары менен ысытылып жаткан эле.

Ош шаарында жылуулук сезону 1-ноябрда башталаары кабарланган. Эгер абанын температурасы 5 күн катар +8 градуста кармалса, жылуулук бериле баштайт.

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо