Ошто милиция кызматкерлери тоноочулукка шектелип кармалды

Ошто кайгуул кызмат батальонунун эки кызматкери тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.  

1-октябрь күнү саат 19:15 чамасында, Ош шаарынын Кара-Суу кѳчѳсүндѳ жайгашкан “Мээрим” ресторандын алдында Индия Республикасынын 2000-жылы туулган жаранын ѳздѳрүн “милиция кызматкерлери” деп тааныштырган эки атуул ВАЗ 2107 үлгүсүндѳгү автоунаасына олтургузуп, У.Салиева кѳчѳсүнѳн 3000 сом акчасын тартып алышкан.

11-октябрь күнү саат 21:00 чамасында Ош шаарынын “Демир Банктын” банкоматынан Индия Республикасынын 25 жаштагы жаранынан “милиция кызматкерлери” болобуз деген эки атуул ВАЗ 2107 үлгүсүндѳгү мамлекеттик белгиси жок аавтоунаасына отургузуп, Тилеке Баатыр кѳчѳсүнөн 100 АКШ долларын жана 2000 сом акчасын алып коюшкан.

Бул арыз боюнча Ош ШИИБнын Сулайман-Тоо МБнын ыкчам-тергѳѳ тобу иликтөө жүргүзүшкөн. Издѳѳ иштеринин натыйжасында, шектүү катары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызмат батальонунун 25 жаштагы эки кызматкери тоноого шектүү катары кармалышты.

Азыркы учурда аталган факт боюнча топтолгон маалыматтар толук жана ар тараптуу юридикалык баа беруу максатында, Ош шаардык прокуратурасына жиберилди.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3490 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо