Ош: төрөт үйүнө жылуулук бериле баштады

Ош облустук төрөт үйүнө 13-октябрдан тарта жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. 

Облустук төрөт үйү “Жылуулук камсыздоо” ишканасына кат түрүндө кайрылган. Буга чейин оорукана жетекчилерине жылуулук расмий кайрылганда берилээрин Ош мэриясы эскерткен эле.

«Азырынча шаардык төрөт үйүнө жылуулук бериле элек. Кайрылышаары менен эле жылуулук менен камсыздай баштайбыз. Андан башка ооруканалардан да кайрылуулар түшө элек»,-деди “Жылуулук камсыздоо” ишканасынын маалымат катчысы Абай Большевиков.

Акыркы он күндөн бери шаардагы төрөт үйлөрү менен балдар ооруканалары электр жылыткычтары менен ысытылып жаткан. Калгандары жылытуу мезгили башталганда ысытылса болот деп саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору Абдилатип Шамшиев билдирген эле.

Жалпы жылытуу сезону Ош шаарында 1-ноябрдан башталаарын “Жылуулуккамсыздоо” ишканасы кабарлаган. Эгер абанын температурасы 5 күн катар +8 градуста кармалса, жылуулук бериле баштайт.

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо