
15-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн үшүк жүрүшү күтүлөт.
16-17-октябрларда мезгил-мезгили менен жаан жаап карга айланышы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлүүдө.
Абанын температурасы абдан төмөндөйт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-2°үшүк, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5°жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Ошондой эле үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.
Оставьте первый комментарий