Түркмөнстанда сасык тумоого каршы чай ичүү сунушталууда

Түркмөнстан саламаттык сактоо жана медициналык өнөр жай министрлигинин маалымат борбору күз мезгилинде сасык тумоодон оолак болуу үчүн жарандарга “11 пайдалуу кеңеш” берген. Анын ичинде Түркмөнстан президенти Гурбынгулы Бердымухамедовдун “Түркмөнстандын дары чөптөрү” китебиндеги чайларды колдонуу да  сунушталган.

Гурбангулы Бердымухамедовдун китебиндеги ит мурун, жалбыз, ромашка, кызыл мыянын тамыры жана башка чөптөрдөн жасалган чайлардын пайдасы тууралу кенен жазылган.

Түркмөнстан саламаттыкты сактоо министрлиги дени сак жашоо образы үчүн президенттик чайларды сунуштап жаткан учурда, өлкө дарыканаларында дары-дармектер жетишсиз болуп жатканы да айтылып келет.

Белгилей кетсек, Түркмөн лидери президенттик милдетинен тышкары акыркы он жылда 40тан ашуун китеп чыгарган. Тагыраагы, өлкөдөгү дары чөптөргө арналган 10 томдугу жарык көргөн.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5098 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо