Тажикстанга парламент жана өкмөт имараттарын Кытай куруп берет

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, бул үчүн Пекин 1,5 миллиард юань бөлгөн. Парламент жана өкмөт имараттарын курууну Кытай тарап демилгелеп, кайтарымсыз негизде акча ажыраткан. 

Жаңы парламент комплекси Душанбенин борборундагы 6 гектар аянтка курулат. Имараттардын курулуш иштеринин башталуу аземине 13-октябрда өлкө президенти Эмомали Рахмон менен Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян катышты.

Имараттын негизги блогунун бийиктиги дээрлик 50 метрди, түркүктөрүнүкү 70 метрди түзүп, жалпы аянты 42 миң чарчы метрден ашык болот. Анда 1500 кишиге ылайыкташкан жалпы зал, парламенттин жогорку жана төмөнкү палаталары үчүн жыйындар залы, ошондой эле медициналык пункт жана китепкана жайгашат.

Өкмөттүк имарат болсо 10 гектар аянтка курулат. Комплекс 15 кабаттуу негизги жана администрация бөлүмдөрү үчүн 13 кабаттуу эки имараттан турат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо