Футбол: Бүгүн Кыргызстан Малазия менен беттешет

Оюн Малазиянын Малакка шаарында  өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 18.45те башталат. Оюнга Малазия ак, Кыргызстан кызыл түстөгү форма менен ойнойт.

Улуттук курама команда кезектеги окутуу-машыгууларын өткөрүү үчүн Малайзияга 9-октябрь күнү учуп келген. Кечээ күнү «JDT II» командасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп 6:0 эсебинде уткан.

Эскерте кетсек, Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия чемпионатына катышуу укугун алган. Чемпионат 2019-жылдын 5-январында Бириккен Арап Эмиратында башталат. Кыргызстан «С» тобунда Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин менен беттешет.

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо