Хабиб Мейвезер менен Лас-Вегастан башка шаарда беттешерин билдирди

Хабиб видеокайрылуу жасап, Флойд Мейвезерди беттешүүгө чакырган. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Флойд Мейвезер менен Лас-Вегастан башка жерде гана мушташат. Бул тууралуу россиялык спортчу өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

«Флойд Мейвезер, Лас-Вегаста эмес, алар менин акчамды бергиси келбей жатат», — деп жазган мушкер.

https://www.instagram.com/p/Bo9iAIgHhep/?utm_source=ig_embed

Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов 6-октябрда аталган шаарда ирландиялык Конор Макгрегор менен беттешип, аны муунтуу ыкмасын колдонуу менен жеңген да, чемпиондугун сактап калган. Бирок соңунда октагондон ары секирип түшүп, Макгрегордун спарринг-өнөктөшү Диллон Дэнис менен урушкан. Ал арада октагондун ичиндеги Нурмагомедовдун команда мүчөлөрү Конор менен мушташып кетишкен. Мындан улам чемпиондук кур Хабибге бир топтон кийин берилген. Ал эми жеңүүчү үчүн каралган 2 миллион доллар сый акыны мушкер ушу кезге чейин ала элек.

https://www.instagram.com/p/Bo9QDzYAQOT/?utm_source=ig_embed

 

Андан соң Нурмагомедов видеокайрылуу жасап, бокс боюнча дүйнө чемпиону Флойд Мейвезерди таймашка чакырган. Ал өз кезегинде Хибибге, беттешүүгө даяр экенин айтып, «Лас-Вегасты дагы бир ирет даңазалап коелу» деп жооп берген болчу.

 

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо