Өкмөт ТИМ башчылыгына талапкер сунуштады

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

41 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл жана кеңешчи болгон.

Мыйзамга ылайык, өкмөт мүчөсү кызматтан бошогондо премьер-министр 5 иш күндүн ичинде жаңы талапкер сунуштайт. Жогорку Кеңештин чечиминен кийин үч күндүк мөөнөттө президент жарлык чыгарат.

Эске салсак, өткөн аптанын аягында Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри кызматынан бошогон.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо