Кызыл-Кыя аэропорту үлүшкө берилүү коркунучунда турат

Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорт жайгашкан жер үлүшкө берилип кетиши ыктымал. Аба майдандын аянтына турак-үйлөр курулуп кетүү коркунучунда турат. 

Бул тууралуу парламент комитетинин Кызыл-Кыя шаарындагы көчмө жыйынында белгилүү болду. Депутат Махабат Мавлянова белгилегендей,  аба майдандын жери үлүшкө айланып, турак-үйлөр түшүү коркунучу бар.

«Дээрлик 20 жылдан бери учак учпай, аба майданынын бүгүнкү абалы өтө оор. Аэропорт бүгүн-эртең иштебесе да 44 гектардан турган жери сакталышы керек»,- деди депутат Алмазбек Эргешов.

Үч багыт менен жүргүнчүлөрдү тейлеген аэропорт 1974-жылы ишке кирип, 1999-жылдан бери ишмердүүлүгү токтогон. Калыбына келтирүүгө 400 миллион сом керектелээри кабарланган.

Аэропортту Кызыл-Кыядан тышкары Ноокат, Баткен, Лейлек райондорунун тургундары жана Өзбекстандын жакынкы облустарынын эли пайдаланып келишчү. Ушул тапта эл 100 чакырымдай алыстыктагы «Ош» аэропортуна барып учушат.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо