
Ош шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн түнкү саат 1:00 чамасында катталып, 2:42де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен имараттын болжол менен 80 чарчы метр аянты, музыкалык аспаптар, отургучтар жана курулуш материалдары күйгөн.
Учурда окуянын келип чыгуу себептери жана келтилирген чыгым такталууда.
Пикир калтыруу