Турмушка чыгуудан баш тарткан аял сабалды

Ташкентте  медайым болуп иштеген Камола Абдуллаева күйөөгө тийүүдөн баш тартканы үчүн ур-токмокко кабылды. Бул тууралуу укук коргоочу Елена Урлаева билдирди.

Камола Абдуллаева 

​Анын айтымында, медайымга апасы Карима Курманова менен Мурат жана Батыр аттуу эки киши кол салган. Алар Камоланы көзү-башына койгулашып, оозун скотч менен чаптоого аракет жасашкан.

Камола Абдуллаева өмүрүндө экинчи жолу көргөн Мурат аттуу кишиге турмушка чыгуудан баш тартканы үчүн зордукка кабылганын билдирди. Жабырлануучунун апасы Карима Курбанова кызын күйөөгө тийүүгө мажбурлап, 11-сентябрда нике кыйдыруу үчүн үйүнө молдо чакырган. Бирок кыз турмушка чыгууга көнгөн эмес. Ыңгайы келгенде кыз үйдөн качып чыккан.

Камоланын айтымында, апасы анын паспортун жана башка документтерин алып, “болочоктогу күйөөсү” Муратка берип койгон. Карима Курбанова кургак учук диспансеринде дарыгер болуп иштейт. Укук коргоочу Елена Урлаева милицияга жана “Тез жардамга” чалган. Дарыгерлер Камолага “Баш мээси чайкалган, желкеси көгөргөн, гипертония белгилери бар” деген диагноз коюшкан.

Учурда укук коргоочу Елена Урлаева жабырлануучу Абдуллаеванын сабалышы боюнча милицияга арыз жазды.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3499 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо