Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык ыйгарылды. Фото

Азиада-2018 оюндарында Кыргызстандын желегин желбиреткендер сыйлыкка татыды. Спорчулар менен алардын машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлык жана акчалай сертификаттар ыйгарылды. 

Сыйлыктарды ыйгарган президент Сооронбай Жээнбеков жеңишке  умтулган спортчуларыбызды ар дайым ардактап алууга даярбыз деди.

«Мекенибиздин 20 спорт чебери байгелүү орундарды жеңип алып, мамлекетибиздин  желеги эл аралык аренада желбиреди. Кыргызстандык спортчулар өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло медалын жеңип алып, өлкөбүздүн кадыр-баркын бийик көтөрдү. Сиздердин жеңиштер менен жалпы Кыргызстан эли сыймыктанат!», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстанды ар бир таймашында даңазалап келе жаткан Айсулуу Тыныбекова акчалай сертификат жана даңк медалы менен сыйланды. Ал Азиада-2018 оюндарында күрөш боюнча экинчи орунду алган. Кийинчерээк Азиа олимпиада кеңеши биринчи орун алган монголиялык Орхон Пуревдорждун канынан кызытма табылганын жарыялаган. Мындан улам коомчулукта А.Тыныбековага алтын медаль берилет деген пикирлер айтылган эле. Президент А.Тыныбековага 1 млн 250 миң сомдук сертификат тапшырды.

XVIII Азия оюндарында алтын жана күмүш медалга жетишкен Дарья Маслова «Даңк» медалынан сырткары 2 000 000 өлчөмүндөгү акчалай сертификат алды.

Азиада-2018 оюндарында алгачкы алтын медалды жеңип алган Төрөкан Багынбай уулуна 1 250 000 сом өлчөмүндө акчалай сертификат ыйгарылды. Андан сырткары «Даңк» медалы тапшырылды.

Джиу-джитсу боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Төрөкан Багынбай уулу «Даңк» медалына татыды .

Азия чемпионатында грек рим күрөшү боюнча күмүш медаль алган Акжол Махмудов ардак грамота менен сыйланды.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков XVIII Азия оюндарында ийгиликтери үчүн айрым спортчуларды жана машыктыруучуларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Бир катар машыктыруучулар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамга  жана  Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыктуу болду. Мындан тышкары спортчуларга, машыктыруучуларга жана дарыгерлерге Өкмөт тарабынан бөлүнгөн 125 000 сомдон тартып 2 миллион сомго чейинки акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо