
Лейлектин Сүлүктү шаарындагы Кош-Булак айылында турак-үйдөн өрт чыгып, 56 жаштагы жаран каза тапты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министирлигин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт 17-октябрга караган түнү болжол менен 03:00дө катталып, 05:00дө өчүрүлгөн. Турак-жайдын 20 чарчы метри толугу менен күйгөн.
Учурда келтирилген чыгым жана өрттүн келип чыгуу себебтери такталууда.
Пикир калтыруу