Бошогон министрликтерге убактылуу жетекчилер келди

Өткөн аптадан бери бош турган маданият жана социалдык өнүктүрүү министрликтерине убактылуу жетекчилер дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 17-октябрда кол койгон.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Бактыбек Секимовго жүктөлдү. Ал буга чейин аталган министрликтин статс-катчысы болуп турган.

 

Ал эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин Каныбек Абдиев аткарып турмакчы. Абдиев да министрликтин статс-катчысы болуп иштечү.

 

Азырынча өкмөт эки министрликке жетекчи сунуштай элек. Мыйзамга ылайык, өкмөт мүчөсү иштен кетсе премьер-министр жаңы талапкерди парламентке сунуштайт. Президент Жогорку Кеңештин чечиминен кийин жарлык чыгарат.

Эске салсак, 7-октябрда маданият министри болуп иштеп келген Султан Жумагулов мезгилсиз дүйнө салган. Ал эми социалдык өнүктүрүү министри болуп турган Таалайкүл Исакунова чет элдик сапарларга байланыштуу чыккан чырдан улам кызматтан кеткен эле.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо