Жарылуу: Крымда 3 күн аза күтүү жарыяланды

Орусия тарабынан аннексияланган Крымда жарылуу катталып, 18 киши каза тапты. 50дөй адам жаракат алган. Бул тууралуу эл аралык массалык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Орусиянын териштирүү комитетинин билдирүүсүнө караганда, жарылууга чачыроочу бомба себеп болгон. Комитет окуяны «кылмыш» катары баалап жатканын белгиледи.

Кол салууну Крымдын Керч шаарынан Владислав Росляков аттуу 18 жаштагы окуучу ишке ашырганын маалымдаган жергиликтүү органдар кылмышка шектүү жардыруудан кийин жанын кыйганын айтты.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков, жарылууну террордук кол салуу болуу ыктымалдуулугу изилденип жатканын билдирген.

 

Ажибай Пайзидин уулу
Автор Ажибай Пайзидин уулу 1430 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо