
Бүгүн, 17-октябрда өлкөдө мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-2°суук, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5°жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Ошондой эле үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.
Пикир калтыруу