Ош шаарына жаңы вице-мэр дайындалды

Жасур Азимов Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Эми ал курулуш жана муниципалдык менчик тармагын жетектейт.

Тиешелүү буйрукка калаа башчы Таалайбек Сарыбашов 17-октябрда кол койгон. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жасур Азимов Ош шаардык Кеңешинде  «Республика-Ата-Журт» фракциясынан депутат болуп турган. Буга катар эле Ош шаарындагы кыргыз-өзбек университетинде окутуучу болуп иштеп келген.

Жаңы дайындалган вице-мэр «Т-Меdia Groupтун» сурамжылоосунда болжолдуу талапкерлер арасында эң төмөн добуш алган болчу.

 

Октябрдын башында Шакир Зулимов вице-мэрликтен өз арызы менен кеткен. Ош мэриясынын маалымат кызматы жаңы вице-мэр 20-октябрга чейин  дайындаларын билдирген эле.

 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*