
Ошто эркин күрөш боюнча VII эл аралык турнир башталды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Мелдеш СССРдин эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучулары Ахмед жана Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналып өткөрүлүүдө.
Турнир «Динамо» спорт клубунда өтүп жатат.
Турнирге Кыргызстандын жети облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан, Өзбекстан,Тажикстан жана Орусиядан келген 200дөн ашуун спортчулардын күч сынашуусу күтүлүүдө.
Пикир калтыруу