Үшүк: Оштогу балдар ооруканалары кантти? Видео

Ошто балдар ооруканалары жылуулана элек. Муну тиешелүү мекеме жылуулукка муктаждык жарала электиги менен түшүндүрүүдө. 

Азыр саламаттыкты сактоо мекемелеринен төрөт үйлөрү гана жылууланган. Калгандары жылуулукка болгон муктаждыгын Ош мэриясына билдирген учурда гана берилээри эскертилген эле.

Деген менен төрөт үйлөрүнөн сырткары балдар ооруканаларында да жылуулукка муктаждык бар. Палаталар суук болуп жатканын бейтаптар «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын фейсбук баракчасына билдиришти.

Фейсбук колдонуучунун айтканын «Т-Мedia Group» байкаштырып көрмөй болдук. Адегенде түштүк аймагы боюнча бейтаптарды тейлеген Ош облустар аралык балдар ооруканасындагы абалды караштырып көрдүк.

Биздин чыгармачыл топ балдар жаткан палаталарга кирип андагы температураны өзүбүз байкап көрмөк элек. Бирок башкы дарыгер жок деген ак халатчандар бизди палаталарга киргизишкен жок.

Палаталарга кире албаганыбызга байланыштуу бейтаптардан үшүп жатасыңарбы деген суроого жооп ала албадык. Дарыгерлер өздөрү бөлмөлөрдүн температурасын өлчөп чыгып төмөнкүдөй жооп беришти.

Башкы дарыгердин орун басары Абдилатип Касымов билдиргендей, балдар жаткан палаталар норма боюнча 20 градус температурада сакталыш керек. Азыр бөлмөлөрдөгү жылуулук көрсөтүлгөн нормага жетпей жатат.

Облустук балдар ооруканасы «Ош жылуулук борбору» тарабынан жылытылат. Азырынча мекеме балдар ооруканасына качан жылуулук берээрин билдире элек.

                                                           Убактылуу кырдаал

Ош шаардык балдардын инфекциялык ооруканасы акыркы он күндөн бери электр жылыткычтарын иштетүүдө. Мынтип абалдан чыгып жаткан бейтапкана балдарды үшүбөйт деп ишендирди.

Электр жылыткычтары белгиленген норманы сактап жатабы деген суроо мында да ачык калды. Бейтапкана жетекчиси жугуштуу оорулар бөлүмүнө «бөтөн адам киргизилбейт» деп бизди палаталарга коё берген жок.

Ош шаардык балдардын ооруканасынын башкы дарыгери белгилегендей, азырынча аларда жылуулукка муктаждык жок. Бейтапкана жылытуу мезгили башталганда ысытылса болот.

Азырынча Ош шаардык балдар ооруканасы жылуулук алуу боюнча билдирүү жибере элек. «Жылуулук борбору» расмий кайрылуу болбосо жалпы сезон башталмайынча ысытылбасын билдирүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору да ооруканалар жалпы жылытуу сезону башталганда жылууланса болот деп билдирген болчу.

«Күн кескин суук боло түшкөндө төрөтканалар менен балдардын ооруканаларына убактылуу электр жылыткычтарын коюп чыктык. Калгандары азырынча жылуулукка муктаждыгы жогору эмес. Эгер белгиленген температурада суук болуп кетсе мөөнөтүнөн мурда жылуулук борборлоруна кайрылабыз»,-деди аламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору Абдилатип Шамшиев.

Ош шаарында 31 саламаттыкты сактоо мекемеси бар. Анын 13ү «Ош жылуулук борбору»  аркылуу жылууланат. Экөө «Ош жылуулук камсыздоо» мекемесинин жардамында ысытылса, калганы электр батарейкасы жана ооруканалардын өзүндөгү отканалар аркылуу жылытылат.

Жалпы жылытуу сезону Ош шаарында 1-ноябрдан башталаарын “Жылуулуккамсыздоо” ишканасы кабарлаган. Эгер абанын температурасы 5 күн катар +8 градуста кармалса, жылуулук бериле баштайт.

Ажибай Пайзидин уулу
Автор Ажибай Пайзидин уулу 1427 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо