Баткенде автокырсыктан жабыркаган алты адамдын абалы оор

Ош — Баткен — Исфана жолунда автобустардын кагылышынан жабыркагандардын ичинен алты адамдын абалы оор. Баары жандандыруу бөлүмүндө жатат. 

«Т-Медиага» саламаттыкты сактоо министирлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдиргендей, азыр Баткен облустук ооруканасында автокырсыктан жабыркаган 19 киши жатат.

«Кечээ автокырсыктан 22 киши түрдүү жаракат алып ооруканага жеткирилген. Үчөө чыгып кетти. 13ү жалпы палаталарга алынган. Алардын абалдары жакшы. Жандырдуу бөлүмүнө алынгандардын абалды оор бойдон калып жатат»,-деди Жылдыз Айгерчинова.

17-октябрда саат 15:00дөр чамасында Ош — Баткен — Исфана жолунда жүргүнчү ташыган спринтер унаасы менен жүк ташыган спринтер автоунаасы кагышып кеткен. Кырсыктан бир адам каза таап, 23 киши түрдүү жаракат алышкан.

Азыр аталган фактыны Баткен облустук ички иштер башкармалыгы иликтөөдө. Окуядан кийин облус жетекчилиги милицияга жол кырсыктарын алдын алуу боюнча тапшырма берген.

Ажибай Пайзидин уулу
Автор Ажибай Пайзидин уулу 1430 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо