
Ош шаарында көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.
Ал белгилегендей, Кыргызстандын биринчилиги көп жылдан бери уюштурулбай калган. Мында Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жана Бишкек, Ош шаарларынан түзүлгөн 9 команда күч сынашат.
Мелдештер Оштун «Төлөйкөн» ат майданында 29-октябрда башталып 3-ноябрга чейин созулат. Байге фондусу — эки миллион сом. Баш байге ээсине 500 миң сом ыйгарылат.
Пикир калтыруу