Капчыкты каккан кыз себи. Видео

Казакстанда кызга берилген сеп социалдык тармактарда талкууга жем таштады. 

Интернет желесинде келиндин себи тартылган видео таркап баштады. Тасмадан келинди бардар үй-бүлөдөн экенин билүүгө болот.

Төмөнкү видеодо келиндин себи толук тартылган. Жууркан-төшөк, эмеректерден сырткары кызга берилген кийити да бар.

Келинге жылдын төрт мезгилине ылайыкташкан 25 жуп бут кийим берилген. Социалдык тармак колдонуучуларын шубанын 5-6 түрү таң калдырып жаткан кези.

Заңгырата берилген сеп социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жаткан кези. Айрымдары туура көз карашын билдирсе, кээ бирлери сындап чыгууда.

Кызга сеп берүү салты Кыргызстанда да бар. Сеп берүү каадасы кээде ашыкча чыгымга жол берип, анын айынан далай үй-бүлөдө чыр-чатак чыгат.

Кыргызстандыктар той-аштарга жылына 2 миллиард доллар сарптайт. Кымбат автоунаалардын коштоосундагы жаш жубайлардын сейилдөөсүнө он миңдеген сом чачылат. Кафелердеги чыгым деле орточо 300 миң сомдун башын жейт. Кийит, союш жана башка чыгымдарды кошкондо бир эле той жарым миллион сомго барабар болуп калат. Жакшылык-жамандыкты канткенде ашыкча ысырапкорчулуксуз өткөрө алабыз? «Т-Медиа» «Ачык Талкуу» теледолбоорунда талкуулаган.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо