Керчтеги кол салуудан каза болгондор 19га жетти

Крымдын чыгыш бөлүгүндөгү Керч шаарында болгон ок атуу жана жарылуудан жабыркаган беш киши комада жатат. Дарыгерлер алардын абалын турукташтырууга аракет жасашууда.

Жандандыруу бөлүмүндө бардыгы болуп 10 киши бар. Бул тууралуу Орусия Саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова “Россия 24” телеканалына билдири.

Кремль көзмөлдөгөн Крымдын башчысы Сергей Аксенов коллежде ок чыгарган студент мурун ок камдап алганын айтты. Октябрда ал мергенчи куралын колдонууга уруксат алган.

Жергиликтүү бийликтин соңку маалыматына караганда, 17-ноябрда болгон окуя учурунда өлгөндөрдүн саны 19га жетти. Өмүрү кыйылгандардын көпчүлүгү өспүрүмдөр, бирок арасында окуу жайдын мугалимдери да бар. Мындан сырткары дагы 70тей адам жараат алганы аныкталды.

Ошондой эле окуя болгон жерде 18 жаштагы студент өзүн-өзү атып, өмүрүн кыйганы да белгилүү болду. Кылмышка шектүүнүн ысымы политехникалык коллеждин төртүнчү курстагы студенти Владислав Росляков деп айтылды.

Крым жарым аралында үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Орусия президенти Владимир Путин кол салууга эмне түрткөнүн иликтөөнү тапшырды. Украина президенти Петр Порошенко да өлгөндөрдүн жакындарына көңүл айтты.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4058 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо