Мейвезер Хабибке шарт койду

Мейвезер Нурмагомедов менен боло турчу беттеш Лас-Вегаста өтөрүнө ишеним артып, Хабиб ага чейин өзүн таалим-тарбиясы бар спортчу экенин далилдеши керектигин кошумчалады.

Америкалык мушкер Флойд Мейвезер UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен бокстун эрежеси менен гана беттешүүгө даяр. Бул тууралуу «РИА Новости» жазып чыкты.

«Ал мени чакырды, демек менин дүйнөмө баш багышы керек», — деди Мейвезер.

Боксчу ирландиялык Конор Макгрегор менен болгон беттеш үчүн берилген акчасынан 100 миллион долларга көбүрөөк каражат табуу ниетин айткан. Белгилей кетсек, таймаш 2017-жылы өтүп, анда Мейвезер Макгрегорду техникалык нокаут менен жеңип алган.

Эскерте кетсек, 6-октябрь күнү россиялык Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону титилук коргоп калган. Андан соң америкалык боксчу Флойд Мейвезерди беттешүүгө чакырып, сунушту кабыл алган  Мейвезерге беттеш Лас-Вегастан башка шаарда өтсүн деген талабын билдирген.

Орусиялык спортчунун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов мелдеш Россияда өтүшү керек деген пикирде.

 

Маратбек Акимбек уулу
Автор Маратбек Акимбек уулу 221 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо