Оорулуу балдар жекече окутула баштайт

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды үйүндө жекече окутуу боюнча жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бекитилген жобо боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген же катуу ооруга чалдыккан мектеп жашындагы балдар  жекече окутулат. Ал менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашат.

Жеке окутууну уюштуруу балдардын билим алуу укуктарын коргоого багытталган. Буга кошо эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын сабатсыздыгын жоюу жана билимге жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

Кыргызстанда окуучулар мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында акысыз окууга укуктуу.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1441 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо